www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трампка 37 кылмыш иши козголду

Дональд Трампка 37 айып тагылды. АКШнын экс-президенти ядердик сырларга ээлик кылып, жашыруун документтерди үйүндө сактап жүргөн. Бул тууралуу Euronews телеканалы билдирди.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Ак үйдөн чыгып кеткенден кийин жүздөгөн жашыруун документтерди сактаган деп айыпталууда. 49 барактан турган федералдык айыптоо корутундусунда айтылгандай, маалыматты жана документтерди жашыруу, ошондой эле сот адилеттигине тоскоол болуу жана жалган көрсөтмө берүү жөнүндө сөз болуп жатат.

АКШ бийликтери Флорида штатынын Мар-а-Лаго шаарындагы Трамптын резиденциясында 300дөн ашык жашыруун документтерди табышкан.

Юстиция департаментинин атайын кеңешчиси Жек Смит улуттук коргонуу боюнча маалыматты коргогон мыйзамдар өтө маанилүү экенин жана аларды сыйлоо керектигин айтты: «Бул өлкөдө бизде бир мыйзамдар бар жана алар баарына тиешелүү. Бул мыйзамдардын колдонулушу, фактылардын топтолушу тергөөнүн жыйынтыгын аныктайт. Артык эмес, кем эмес".

АКШнын тарыхында федералдык айыптарга дуушар болгон биринчи экс-президент Дональд Трамп өзүнүн күнөөсүн четке кагууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости