www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясынан күч менен чыгарылышы мүмкүн. Анткени имарат турак жай катары катталган эмес. Бул тууралуу CNN билдирди. Мурунку мамлекет башчысы мүлктү 1985-жылы Маржори Мерривезерден сатып алганы белгилүү. Кийинчерээк Трамп муну жеке гольф клубуна айландырган. Ушул себептен ал Мар-а-Лагодо туруктуу жашай албайт.

"Мар-а-Лагонини Трамптын туруктуу жашаган жери же кеңсеси катары пайдалануу Палм Бич шаардык кеңеши тарабынан каралып жатат жана чечим 9-февралда шаардык кеңештин жыйынында талкууланат" деди Палм Бич шаарынын мэри Крик Блюэн.

Трамп резиденцияны гольф клубуна айландырганда, шаардын администрациясы менен резиденцияда убактысы чектелүү деп макулдашканы белгиленген. Андан кийин Трамп Мар-а-Лагодо жылына эң көп дегенде 21 күн болууга макул болду. Ал жеке менчик турак жайды бизнес объектине айландыруу үчүн башка чектөөлөргө макул болушу керек болчу. Мисалы, Мар-а-Лагодогу гольф клубунда 500дөн ашык мүчө болбошу керек, ал эми клубдун мүчөлөрү, анын ичинде Трамп, Мар-а-Лагодо 7 күн катары менен же жылына 3 жумадан ашык турбашы керек.

Бирок, Трамп президент болуп турганда Мар-а-Лагодо көпкө туруп чектөөнү бузду.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Флорида курортунун жашоочулары Трамп Ак үйдөн кеткенден кийин Мар-а-Лагону туруктуу жашаган жерине айландырууну каалашпайт. Өз кезегинде Трамптын Трамп уюму экс-президентке Мар-а-Лагону резиденция катары пайдаланууга тыюу салган эч кандай документ же келишим жок экендигин айтты.

Буга чейин Трамп Флорида штатында экс-президенттин милдетин аткаруу үчүн өзүнө кеңсе ачканы кабарланган.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости