www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келдибеков, Мырзакматов, Матраимов премьерлик кызматка татыктуу адамдар. Бул тууралуу Шамурза Бөрүкулов социалдык тармактагы талкуудан кийинки пикирин билдирди.
--“Мен калыстык иретинде Новиков кала берсин деп ойлосом, баягы эле трайбалисттер ит адатын карматышып, «лижь бы Түштүктөн премьер келип калбасын» дегендей, өлүп талышып: "Новиков калсын" дешип жабалактап чыгышты. Жазылган пикирлерди бүт анализдеп чыксам, көрсө эл бузарлар мен ойлогондой ойлошпойт экен. Трайбалисттер адам болбойсуңар силер. Биз эч качан бөлүнбөйбүз. Эмне эле мынчалык түштүктүк кыргыздарды бийликке келет десе, пададан алдын чаң чыгарып, ичиңер толо бүт арамыңар сыртыңарга чыгып, эрте жарыкта арам катып өлүп алайын дейсиңер? Мен дайыма айтып келчүмүн: "Бакиев түштүктүн кулуну болгон үчүн кетиришкен" деп. Ошол сөздү бекер айтпаганыма бүгүн ынандым. Түштүктө бакыйган үч област бар. Кыргызстандын элинин саны боюнча алганда да түштүк басып түшөт. Регионалдык теңдүүлүк деген кагазга жазылбаган мыйзам дайыма жашап келген. Түштүктүн азаматтарынын аты аталса оозуңарга учук чыгып, ал эми өзүңөрдүн ууруңарды кожодой колдогонго силерге ким укук берген? Түштүктө Кудайга шүгүр, ар кандай кызматты сүйрөп кете турган азаматтар чекеден чыгат. Мисалы: Келдибеков, Мырзакматов, Матраимовдор премьерлик кызматка татыктуу адамдар. Новиковго салыштырмалуу булар эл менен иштешип өздөрүн көрсөтүп койгон патриоттор. Новиковду мен чанып жаткан жерим жок, бирок ал азыркы иштеп турган орун басарлыкта калса акыйкат иш болот.
Менин өзүмдүн оюмду сурай турган болушса, Келдибеков дейт элем. Келдибековдой билимдүү, күчтүү, сөздү ордуна коюп, отуз өлчөп бир сүйлөгөн, орус тили боюнча да анча-мынчаны ооз ачырбай олтургузуп койгон, эң башкысы ар бир адам менен тил табышып кеткен дипломатты табыш кыйын. Келдибековдой премьер менен Садыр Жапаров эч качан жаман болбойт эле. Келдибеков кризисттик менеджер болуп берет. Тескерисинче Келдибековдон суранышыбыз керек, мамлекеттин экономикасын саздан сууруп чыккын, жардам бергин деп.
Анча мынча көрө албагандардын сөзүнө көңүл бөлбөй Келдибековду коюш керек. Келдибеков да Атамбаевдин курмандыгы болуп жаманатты болуп жүрөт. Иштесин өлкө кыйналып турганда.
Шамурза Бөрүкулов, активист