www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Нургазынын иши ак болсо, сотто эле баары аныкталып, күнөөсү жокко чыгарылат”,- деди бүгүн 31-январда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.
Мындай учурда бир нерсе деп айтыш кыйын. Аябай өкүнүчтүү иш болду. Асмандан күн күркүрөгөндөй эле күтүүсүз иш болуп кетти. Жанында турбагандан кийин бирдеме деп айтыш да мага оор болуп жатат. Бардыгын акыйкат тергөө көрсөтөт.
Нургазынын иши ак болсо, сотто эле баары аныкталып, күнөөсү жокко чыгарылат. Ал күнөөлүүбү же жокпу тиешелүү органдар аныктайт. Бирок ал өз жанынан акча коротуп, канчалык оор болсо да "Майдан кж" гезитин көп жылдардан бери үзгүлтүксүз чыгарып, карапайым адамдардын үнүн угузуп, чындыктын камчысын чаап келгенин унутпашыбыз керек. Ошондой эле, бир жактуу эле күнөөлөп жатып калбай, тергөөнүн жыйынтыгын күтөлү. Бул бүгүн эле болгон окуя экен. Ошондуктан, окуяны шаштырбай, иштин чоо-жайын билип алганыбыз оң.
Булак: NazarNews.kg