www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттык» бизге келгенде эле жакшы ой менен келген эмес. СССР убагындагы түптөлүп калган идеялогияны талкалап, өлкөгө Батыштын чириген идеологиясын орнотуу максатында келген», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине акын жана теле журналист Сонунбүбү Кадырова

- Сонунбүбү эже, жаңы шайланган президентибиздин ант берүү аземи талапка жооп бергендей эле өттүбү же кем –карчы байкалып калдыбы?

- Бул да болсо кудайдын буйругу болсо керек. Негизгиси түбөлүгү түз болсун. Кандай болгон күндө да бузукулар максатына жетти. Алардын кылары ушул болчу. Алардын тилегин орундатып, ант берүү аземи протоколдук негизде гана болуп калды. Чынында мындан да мыкты. Мындан да жакшы кылып уюштурсак да жарашмак. Казактарды элестеттим. Алар бул күнү каражат аяшпай эле керемет майрамга айландырышмак. Биз болсо жаркыратып майрамдаган майрамды да ыраа көргөн жокпуз.

- Бирок, анткениңиз менен Манас атабыздын айкелине таазим кылганы, Саякбайдын Манас айтуусунда келгени мактоого арзып жатат го?

- Манаска таазим кылганга жараша Умай эне менен Кыдыр Ата тосуп алса мындан да жакшы болмок. Алар аластап анан филармонияга киргизип жиберсе болмок. Мен баарынан да КТРКга нааразы болдум. Жок дегенде ант берүү аземинен кийин КТРКнын концерттик студиясынан салтанаттуу концерт уюштуруп, шаан-шөкөт менен улап кетсе болмок да. Ансыз да жашообуз бозоруп турганда эски кадрды коюп коюшту. Анткидей бирөө өлдү беле? Ооба, ойлоп көрсөм өлүптүр. Арам тамак ач көздөр, ичи тарлык менен көрө албастыкты көтөрүп жүргөндөр тобу менен кырылып калышты. Буйруса, эми алардын чыныгы жүздөрү ачылат.

- «Азаттык» радиосу инаугурацияны түз эфирде берип жатып, эмнегедир Садыр Жапаров сүйлөп жатканда шылдыңдаган үндөрдү коштоткону элдин сынына кабылды. Алар техникалык мүчүлүштүк катары айтып, кечирим сурашты. Бирок, эл арасында «Азаттык» атайын чагымчылдык кылды дегендер да арбын. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- «Азаттык» бизге келгенде эле жакшы ой менен келген эмес. СССР убагындагы түптөлүп калган идеялогияны талкалап, өлкөгө Батыштын чириген идеологиясын орнотуу максатында келген. Келген жылдары карапайым элдин сөзүн сүйлөмүш болуп элдин ишеничине кирди. Бирок ошондо деле улутчул көз караштагы журналисттер ал жерге ишке кире алчу эмес. Калыстыкты, чындыкты айтуу керек, ата менен баланын укугу бирдей деген улутубуздун тамырына доо кетирген багытты өздөрүндө иштеген чыгармачыл чөйрөгө сиңирип келген.

Андан сырткары Батыштан келген бузуку план-программалардын ишке ашышын чекчейип кайтарып, мамлекеттик башкарууга түздөн - түз киришип, эгер ал программага макул болбогон мамлекеттик кызматкер болсо, аны болушунча тепкилеп, каралап, акыры колго алгыс кылып, саясий аренадан айдап чыккан учурлары да болгон. Андан сырткары өлкөдө улуттук чагымчылардын айынан тополоң чыккан мезгилдерде сөзсүз кыргызды каралаган маалыматты чагылгандай тездик менен таркатып, биринчилерден болуп, коомдук пикир жаратканга маш болуп келишкен.

Ошондуктан, биздеги бийлик өкүлдөрү «Азаттыкты» кудайындай көрүп келишкен. Буга чейин булардын арамза жүзү мынчалык ачыкка чыга элек болчу. Себеби келген эле мамлекеттик башчы «Кумтөрдүн» адвокаты деген ардактуу кызматты өңөрө келишкен. Ошондуктан, тынч – аман эриш-аркак иштеше беришкен. Эми Садыр Нургожоевич келгенден бери батышчылдардан уйку качты. Кантип каралап, элге жаман көрсөтсөк экен деп күнү - түнү Жапаровдун сары изине чөп салып жатышат. Инаугурациядагы кылган кылыктары эң төмөнкү баскычтагы карөзгөйлүк. Мамлекет башчысын уят кылабыз деп өздөрү уят болуп калышты. Демек, карманаар далилдери жок болгондугу үчүн арзан баа бут тосууга өтүштү. Жыйынтыгында өздөрүнүн жүздөрүн көргөзүп алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости