www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпиондору аныкталды

Эркин күрөш боюнча 2021-жылдагы өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул мелдештин башкы катчысы Муктар Дуконалиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы өлкө биринчилигине катышкандардын саны былтыркыдан көп болду.

«Быйыл 10 салмакта жалпысынан 315 спортчу ат салышты. Анын ичинен 57, 61, 65 жана 74 килограмм салмакта күч сынашкандар көп болду. Ар биринде кеминде 40тай балбан атаандашты», — деген Дуконалиев.

Ал, ошондой эле, быйылкы жылы топ жарган сенсация болбогонун, тажрыйбалуу балбандар мыктылыгын көрсөткөнүн кошумчалады.

Турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, эң оор салмактагы балбандардын кармашы менен жыйынтыкталган.  Анын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышып, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:

61 килограмм:

1-орун: Улукбек Жолдошбеков;

2-орун: Икромжон Хаджимурадов;

3-орун: Тынчтык Абасбеков;

3-орун: Тайырбек Жумашбек уулу.

70 килограмм:

1-орун: Исламбек Орозбеков;

2-орун: Мансур Сыргак уулу;

3-орун: Куштарбек Абдыманап уулу;

3-орун: Атай Мамалиев.

79 килограмм:

1-орун: Саяк Усупов;

2-орун: Нарбек Изабеков;

3-орун: Бекжан Камчыбеков;

3-орун: Атай Изабеков.

92 килограмм:

1-орун: Дөөлөтбек Жамгырбек уулу;

2-орун: Чыңгыз Керимкулов;

3-орун: Муххаммед Али Умурзаков;

3-орун: Магомед Будунов.

125 килограмм:

1-орун: Музаффар Жаппуев;

2-орун: Бахтияр Мирлан уулу;

3-орун: Айбек Касманбетов;

3-орун: Арзуубек Карыбеков.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости