www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венера Сагындык кызынын көрсөтмөсүн аткаргандар жана жаңы бийликти сүйбөгөн азаттыктагы кээ бир адамдар Садыр Жапаровду атайын шылдыңдагысы келди», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек агай, «Азаттык» радиосу инаугурацияны түз эфирде берип жатып, эмнегедир Садыр Жапаров сүйлөп жатканда шылдыңдаган үндөрдү коштоткону элдин сынына кабылды. Алар техникалык мүчүлүштүк катары айтып, кечирим сурашты. Бирок, эл арасында «Азаттык» атайын чагымчылдык кылды дегендер да арбын. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Бул нерсе калпыстык эмес, атайын жасалды деген ойдомун. Муну «Азаттык» радиосу эмес, азаттыктын жетекчиси Венера Сагындык кызынын көрсөтмөсүн аткаргандар жана жаңы бийликти сүйбөгөн азаттыктагы кээ бир адамдар жасады. Алар муну Садыр Жапаровго жамандык кылып, маскаралап, шылдыңдап, каралаш керек деген ойдо жасашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости