www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жаңы дайындоо болду. Сыргак Бактыяр уулу ротациялоо тартибинде министрликтин Маалыматтык саясат секторунун башчысы кызматына дайындалды.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев кол койду. Буга байланыштуу Сыргак Бактыяр уулу буга чейин ээлеп келген кызматынан бошотулду.

Сыргак Бактыяр уулу буга чейин мамлекеттик агенттикте басма сөз катчы жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген. Ал мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүн коомчулукка ачык-айкын жеткирүү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш багытында иш алып барган.

Жаңы кызматында ал министрликтин маалыматтык саясатын натыйжалуу жүргүзүүгө, мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка так, ыкчам жана жеткиликтүү маалымат берүүгө багытталган иштерди алып барат.

 

Последние новости