www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз транспорттук прокуратурасы 2020-жылдын 12 айындагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат таратты.

2020-жылдын аралыгында мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багыты боюнча 80 текшерүү жүргүзүлгөн, жыйынтыгында 180 мыйзам бузуу аныкталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 16 материал катталган.

Келтирилген прокурордук актылардын негизинде 31 кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылышкан, андан тышкары мамлекетке келтирилген зыяндын 7 млн  829 миң 497 сом  акчалай түрдө Башкы прокуратуранын атайын эсебине которулган.

Мисалы, «Манас Менеджмент Компани» ЖАКнын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык каттамдарда жүк ташуу үчүн чет элдик компанияга жеңилдиктерди бергендиги боюнча туруктуу мыйзамсыз схемасы аныкталган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Аба мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинде текшерүү жүргүзүлүп, анда төмөндөгүлөр аныкталды.

2019-жылы жана 2020-жылдын 9 ай аралыгында өлкө аймагында жайгашкан аэродромдорго жана аба кемелеринин учууларына коопсуздук, тоскоолдук жаратуучу курулмаларга аталган Агенттиктин жоопту кызматкерлери тарабынан Авиациялык эрежелеринин талаптарын одоно бузуу менен уруксат берилгендиги аныкталган.

28.02.2019-ж. Агенттик тарабынан Б.М. аттуу жаранга “Манас” Эл аралык аэропортуна караштуу аэродромдун конуу аянтчасына жакын жайгашкан 280м. аралыктагы жерге айыл чарба продукциясын өндүрүүчү ферма курууга мыйзамсыз уруксат берилген.

Аэродромдун аймагына же анын чектеринен тышкары аба кемелеринин учууларынын коопсуздугуна таасир этүүчү тоскоолдук катары объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду учуучу-конуучу тилкенин катмарынан 3000м. аралыкты сактоо менен курууга уруксат берилет деп көрсөтүлгөн.

Объекттерди, курулмаларды же орнотмолорду куруудагы чектөөлөр аба кемелердин учууда жана аэропортторго жакын жайгашкан объекттердин коопсуздугу үчүн абзел.

Аталган факты боюнча Агенттиктин жооптуу кызмат адамдарынын кыймыл аракеттеринде ЖКнин 320-бер. 2-бөл. каралган кылмыш курамы камтыгандыктан сотко чейинки өндүрүш иш катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИМдин тергөө кызматына жиберилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан айыптоону колдоо боюнча аткарган иштери тууралуу

2020-жылдын 12-айында Кыргыз транспорттук прокуратурасынын өкүлүнүн катышуусу менен биринчи инстанциядагы соттор тарабынан жалпысынын 47 адамга карата 41 сотко чейинки өндүрүш иши каралган, алардын ичинен 11 адамга карата 11 сотко чейинки өндүрүш иши Жоруктар жөнүндөгү сотко чейинки өндүрүш иштери болуп саналат.

Ал эми, апелляциялык инстанцияда 8 адамга карата 8 кылмыш иш каралган.

Биринчи инстанциядагы соттор тарабынан 2020-жылдын аралыгында жалпы каралган кылмыш жана жорук жөнүндөгү иштердин ичинен:

— 29 адамга карата 23 кылмыш иши  боюнча, 3 адамга карата 3 жоруктар жөнүндөгү иш боюнча айыптоо өкүмдөрү кабыл алынган.

2020-жылдын 12 айында  3 соттук материал боюнча 1-инстанциядагы соттордун токтомдоруна карата прокурор тарабынан 3 апелляциялык сунуш келтирилип, 1 соттук материал боюнча келтирилген апелляциялык сунуш канаттандыруусуз калтырылып, 2 соттук материал боюнча прокурор тарабынан келтирилген апелляциялык сунуштар канаттандырылып, соттун 1 токтому өзгөртүлүп, 1 токтому жокко чыгарылган.

Транспорт аймагындагы  кылмыштуулуктун абалы боюнча маалымат

Маалыматтарды каттоо китебинде 291 кылмыштар жана жоруктар катталып, алардын ичинен 226 кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган, 16 материалы НДелого түзүлгөн, ЖБР (ЕРН) 7, 33 башка КЖБР тиркелген, 9 башка МККне кошулган.

2020-жылы прокуратура тарабынан, баардык КЖБРне катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин ар бирин окуп чыгууга жана прокурордук көзөмөлдү күчөтүү жагына көнүл бурулуп жана иштердин акыркы аягына чейин жеткирип мыйзамдуу чечим кабыл алынуусуна басым жасалган.

2020-жылы прокурордук көзөмөлдү күчөтүүнүн натыйжасында, ИИМдин тергөөчүлөрүнүн жана алгачкы текшерүү органдарынын өкулдөрүнүн өндүрүштөрүндө болгон ар бир ишин, акыркы процессуалдык чечимин кабыл алуусунун натыйжасында кылмыш жана жоруктар бириктилип, жалпысынан 284 иш боюнча чечим кабылган (198 кылмыш жана 86 жорук), анын ичинен 259 иши кыскартылган (174 кылмыш жана 85 жорук), 24 иш негизинен кароо үчүн сотко жиберилген (23 кылмыш жана 1 жорук).

Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан катталган сотко чейин өндүрүштөр жөнүндө маалымат:

Маалыматтарды каттоо китебинде 33 кылмыш жана жоруктар катталып, алардын ичинен 19 кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталган, 14 материал кароосуз калтырылып номенклатуралык ишке сакталган.

КЖБРне 19 катталган иштери (18 кылмыш жана 1 жорук), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тергөөнүн караштулугу менен жиберилген.

19 ишин беренелери боюнча бөлүп чыксак төмөндүгүдой:

-кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу (КР ЖКнин 320-бер.) -9 кылмыш катталган;

-бийликтен аша чабуу (КР ЖКнин 321-бер.) -1 кылмыш;

-шалаакылык (КР ЖКнын 331-бер.) -2 кылмыш;

-коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу (КР ЖКнин 233-бер.) -5 кылмыш;

-мүлктү ыйгарып алуу (КР ЖКнин 205-бер.) -1 кылмыш;

-чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу (КР ЖЖКнин) 127-1-бер. -1 жорук;

10 кылмыш жана жорук иши мындан ары тергөөнү улантууга КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан транспорттук прокуратурасына кайтарылып, КРнын ЖПКнин 33-бер. ылайык ТИИБна тапшыралган, анын ичинен тергөөнүн жүрүшү менен:

-3 иши кыскартылган;

-7 иши азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

2020-жылдын 12-айдын аралыгында Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан 97 кайрылуулар каралды жана чечилип, алардын ичинен 40 кайрылуу канааттандырылып, 34 кайрылууга түшүндүрмө берилип, 2 кайрылуу четке кагылды, көзөмөлдөө өндүрүшүнө  2 кайрылуу тиркелди, башка органдарга 18 кайрылуу жөнөтүлдү, отчеттук мезгилде чечилбеген  кайрылуунун саны 1 түзөт.

Кыргыз транспорттук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан Транспорттук прокуратурасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ар кандай темаларда 9 жолу макалалар жарыяланган.

Анын ичинен телекөрсөтүүлөрдө 1, интернет булактарында 8 жана Башкы прокуратуранын расмий сайтында 2.

Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде пандемия шартына байланыштуу Кыргыз транспорттук прокуратурасынын жетекчилиги тарабынан мекеме ишканалардын жамааттарынын жыйындарында жана жарандар менен жолугушуулар өткөрүлбөгөнүн белгилейбиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости