www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бейөкмөт уюмдар менен ЛБГТлар Айзаданын өлүмүнө күйөт десе кишинин күлкүсү келет экен», - деди бүгүн, 15-апрелде NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Уран Рыскулов.

- Уран мырза, бейөкмөт уюмдар жана ЛБГТлар Айзаданын өлүмү үчүн Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылып жатат. Ошол эле учурда бейөкмөт уюмдар батыштан бөлүнгөн 38 миллион еврого 5 кодекстти кабыл алдырып, милициянын колу-бутун тушатышкан. Эми Алардын укук коргоо органдарына доомат коёо турган жөнү жок» деп жатышат. Кимисинин көтөргөн маселеси орундуу?

- Бейөкмөт уюмдар сырткы күчтөрдөн алган акча каражаттарынын эсебинен жашап келээри ар бир Кыргызстандыкка маалым. Ким акча төлөсө ошонун гана ырын ырдап көнүп калышкан. Эми Айзаданын өлүмүн дагы саясатташтырып, жумурткадан кыр издеп жатышат. Ошол беш кодекстин автору «Сорос» фонду болгон. Биз тараптан катышкан юристердин көбү жаңы Кодекс Кыргызстан үчүн көп жамандык алып келерин билип турушса дагы наам, атак-даңк мүмкүн акча алыш үчүн авторлукка барышкан. 

- Бүгүнкү митингден улам бейөкмөт уюмдарга чара көрүш керек. Булар кыргыздын нарк-насилине доо кетире башташты. Буларды жоюш керек дегендер да чыкты го?

- Туура маселе көтөрүштү. Анткени, бейөкмөт уюмдар менен ЛБГТлар Айзаданын өлүмүнө күйөт десе кишинин күлкүсү келет экен. Эмне Кыргызстанда андан башка чоң проблемалуу иштер жокпу? Буларды мамлекеттин, элдин келечеги кызыктырбайт. Болгону, алар өздөрүнүн проблемасын башкалардын эсебинен чечкенди үйрөнүшкөн.

Чынында кыргызга аял укугу, эркектин укугу же болбосо баланын укугу деген жат түшүнүк болгон эмес. Кыргыздар аялды айга теңеп, аларды кемсинткен эмес. Аял деген сөз ай деген сөздөн чыккан. Ыйык китептерде аял деген эркектин кабыргасынан чыккан деп жазылат.

Кыргыздарда жакшы түшүнүк бар. Кабыргам менен кеңешейин деген. Ал деген аялым менин акылдашайын, биз бир бүтүндүкпүз дегенди түшүндүрөт. Батыш бизге аялдын укугун үйрөтпөй эле койсун. Чынында «он, она» деп аял менен эркекти биринчи батыш бөлгөн. Кыргыздар аял келе жатса да, эркек келе жатса да ал келе жатат деп бөлгөндү билген эмес.

- Эмнеге Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар ушундай таасирдүү күчкө айланып алышкан? Аларга мындай укукту ким берген? Буларды тыйыш керекпи?

- Бул нерсе Кыргызстанга мамлекеттик идеология керек экенин, аны ишке ашырган идеологиялык структуралар ишке киргизүү керектигин айгинеледи. 2008-жылга чейин ал тармакты Госсекретарь башкарып жүргөн. Ал структураны жок кылып койгондон кийин мамлекеттик идеологияны аныктаган президенттин администрациясындагы жалгыз идеологиялык бөлүм калган.

Аны дагы жоюп салышып, ордуна этникалык бөлүм деп ачышып алып, жетекчилигине сөөгү этине чейин батышчыл болуп калган, өмүр бою ПРООНдо иштеп келген Мира Карабаеваны алып келишкен. Тагыраагы, идеологиялык бөлүмдү жоюп салып, Отунбаева дагы бир чыккынчылык кылган.

Мамлекетти мамлекет кылган Конституция деген түшүнүк бул жалган түшүнүк. Конституция идеологиянын негизинде жазылат. Мисалы Кытайдын идеологиясы Кытайдын улуу ойчулу Конфуцийдин философиясынын негизинде жазылган. Ошол концепцияны эске алуу менен кытай конституциясы жазылган. Биз да идеологияга тезирээк көңүл буруп, элдин башын айланткан терс көрүнүштөргө тыюу салышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости