www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Травматология жана ортопедия улуттук борбору түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборун түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Саламаттык сактоо системасынын сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын жаракаттарын жана ооруларын дарылоо жана реабилитациялоо системасын өркүндөтүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

2) бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Последние новости