www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациянын аппарат башчысы болуп дайындалган 26 жаштагы Алибек Арстанов экс-депутат Төрөбай Зулпукаровдун күйөө баласы экени айтылды. 

Сооронбай Жээнбеков бийликтен куулуп кетип, Садыр Жапаров бийликке келгенде кылмыш иши козголуп, абакка отуруп чыккан Төрөбай Зулпукаров көптөн бери дымып калды эле. Көрсө, күйөө баласын кызматка түртмөлөп жүргөн тура. 

Кезинде Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен Жогорку Кеңештин депутатыгына кайра-кайра шайланып, түкүрүгү жерге түшпөй таасири артты эле. 

Кийин, Алмазбек Атамбаевден жүз үйүрүп Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун этегин кармап, ичкен кудугуна түкүрүп "ит" болгон. Ошондон соң иши жүрбөй, ити үрбөй калды. 

Өзгөчө, Асылбек Жээнбеков менен чогуу камалып чыккандан кийин ың-жыңсыз көптүн бирине айланды. Ошондой болсо да, өзү критке кеткенин түшүнүп, күйөө баласын саясатка таптай баштаган көрүнөт. Мындай кадамы менен саясаттан өзү жыдыганы аз келгенсип, эми жакындарын кошо жыдытканы жатабы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости