www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда кезектеги масштабдуу жер титирөө Дарданел дарыясынын жээгиндеги Чанаккале порт шаарына жакын жерде болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге түрк сейсмологу Доган Перинчек билдирген.

Анын айтымында, болжол менен 250 жылда бир жолу аталган аймакта күчү 7 баллга жакын катуу жер титирөө болуп турат, акыркысы 287 жыл мурун болгон.

"Убакыт келди, жер титирөө каалаган учурда башталышы мүмкүн. Мрамор деңизинде жасаган байкоолорум бул божомолду ырастайт. 10 жылдан ашык убакыттан бери атайын карталардын жардамы менен өлкөдөгү сейсмикалык активдүүлүккө күн сайын мониторинг жүргүзүү жана анализдөө менен алектенип келем. Үч жылдан бери Чанаккаледе жер титирөөнү алдын ала айтып келем", - деген ал.

Ошондой эле ал Түркиядагы жер титирөө аянты боюнча Түркиянын тарыхында биринчи жолу болгонун белгилеген.

Дүйшөмбү күнү, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миңден ашты.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болгон (жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:17де – 7,7 балл жана 13,24тө – 7,6 балл).

Түркиянын түштүк-чыгышында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 14 миңден ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости