www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден президент Режеп Таййип Эрдоган менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы конструктивдүү карым- катнаштардын уланышын каалаганын билдирди.
Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ президент Эрдоган менен Байдендин Мадриддеги НАТОнун саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөргөндөрү белгиленди.
Билдирүүдө: «Президент Байден Түркиянын Финляндия жана Швеция менен үч тараптуу меморандумга кол коюп, бул өлкөлөрдүн НАТОго кошулуусуна жол ачышын кубаттады», - деп айтылды.
Президент Эрдоган менен Байдендин Украинага колдоо көрсөтүү темасын да сүйлөшкөндөрүнө көңүл бурулган билдирүүдө, Украина данынын экспортунун алдындагы Орусиянын тоскоолдуктарын жоюунун маанисине да токтолгондору кабарланды.
Билдирүүдө: «Лидерлер ошондой эле Эгей жана Сириядагы стабилдүүлүктү сактоо маселесин талкуулашты. Байден дагы бир жолу конструктивдүү эки тараптуу мамилелерди сактап калуу каалоосун билдирди жана эки лидер өкмөттөрүнүн ортосундагы тыгыз байланышты улантууга басым жасашты», - деген сөздөр камтылды.
Булак: NazarNews.kg