www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия парламентинин Башкы ассамблеясы Финляндиянын Түндүк Атлантика альянсына кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялады, деп билдирет Reuters. Түркия Финляндиянын НАТОго кабыл алынышын жактырган акыркы өлкө болду.

"Финляндиянын НАТОго кошулуусу жөнүндө протоколду ратификациялоо үчүн – 276 добуш берилип, сунуш кабыл алынды. Финляндияны жана жарандарын куттуктайм", - деди парламенттин вице-спикери Хайдар Акар.

Финляндиянын парламенти өлкөнүн альянска кирүүсүн 1-мартта, Швеция парламенти 22-мартта кабыл алган. Ал эми, 27-мартта Венгриянын парламенти Финляндиянын НАТОго кирүүсүн ратификациялады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости