www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Орусия менен Украинаны сүйлөшүү үстөлүнө тартуунун жолдорунун бири украин данын жеткирүү боюнча келишимдин негизинде платформа түзүү болушу мүмкүн. Мындай ыкманы Түркиянын президентинин расмий өкүлү Ибрагим Калын атады, деп билдирет TRT Haber.

«Сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн Орусия Украинанын шаарларына чабуулун токтотушу керек. Так түшүнүү жана эки тараптын ыктыярдуу макулдугу талап кылынат. Түркия бул темада тараптардын жакындашуусу үчүн чоң аракет кылууда»,-деди Калын.

Украинанын эгин жана башка азык-түлүктөрүн Кара деңиз аркылуу экспорттоо боюнча келишимге Орусия, Түркия, Украина жана БУУ 22-июлда Стамбулда кол коюшту. Документтин алкагында Орусия менен Украина дан экспорттоочу кемелерге сокку урбоо боюнча макулдашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости