www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13–14-май күндөрү Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Астана шаарына мамлекеттик сапар менен келет.

“Ак Орда” администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги боюнча кеңири сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Ошондой эле президенттер Казакстан менен Түркиянын ортосундагы Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы отурумун өткөрүшөт.

15-май күнү Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин бейрасмий саммити уюштурулат.

Саммиттин негизги темасы катары “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” маселеси талкууланары күтүлүүдө.

 Белгилей кетсек, 17-апрелде Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасына жумушчу сапар менен барып, Анталия дипломатиялык форумунун ачылышына катышкан. Форумдун алкагында ал эл аралык жана аймактык маселелер боюнча сөз сүйлөгөн.

Последние новости