www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия ири жер титирөөдөн жабыркаган Сириянын түндүк-батышында дагы эки чек ара дарбазасын ачууга аракет кылууда. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди, деп жазат Daily Sabah.

Тышкы иштер министри вице-президент Фуат Октай менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында Сирия-Түркия чек арасындагы Чилвегөзү өткөрмө бекетинин дарбазаларынын ансыз деле ачык экенин, бирок уланып жаткан гуманитардык апааттын алкагында дагы көп иштердин жасалышы керектигин айтты.

«Бул саясий эмес, гуманитардык маселе»,-деген Чавушоглу Түркиянын да Сирияга аба мейкиндиги аркылуу гуманитардык жардам жеткирилиши үчүн керектүү колдоону берип жатканын айтты.

Буга чейин Сирия БУУну жана бардык мүчө-мамлекеттерди куткаруу иштерине жана медициналык кызматтар, баш калкалоочу жайларды жана азык-түлүк жардамын көрсөтүүдө жардам берүүгө чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости