www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Измир провинциясында жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу боюнча кеңири маалымат берди.
Ошондой эле элчи катышуучуларга чет өлкөлөрдө добуш берүүнүн жол-жоболорун түшүндүрүп, шайлоого активдүү катышууга чакырды.
Мындан тышкары, аларга өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан экономикалык өнүгүүлөргө багытталган реформалар, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча элчилик аткарып жаткан жумуштар, кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу маалымат берилди.
Анда Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү стратегиясына, кыргыз элинин улуттук духуна, руханий жана материалдык байлыктарына, "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" аталышындагы уңгужолунда чагылдырылган негизги баалуулуктарына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушууда ошондой эле Түркиядагы мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлөрдө жүргөн чет элдик жарандардын укук-милдеттери боюнча маселелер талкууланды.