www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Кахраманмарас провинциясынын Пазарджик шаарында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун РБК жергиликтүү табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына (AFAD) таянып билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жер титирөө саат 04:17де (Бишкек убактысы боюнча 07:17) 7 чакырым тереңдикте болгон.
Жер титирөө Түркиянын көптөгөн ири шаарларында, анын ичинде Анкара, Газиантеп, Невшехир, Кайсери, Адана жана Хатайда сезилди, деп жазат CNN Turk маалымат агенттиги.
Адыяман, Диярбакыр жана Малатия шаарларында имараттар талкаланды, деп билдирет НТВ.
Аданада эки көп кабаттуу үй кулады, деп жазган Gazete İlk Sayfa шаардын мэри Зейдан Караларга шилтеме берүү менен. Анын айтымында, кыйраган имараттардан беш адам чыгарылып, ооруканага жеткирилген.
Шанлыурфанын мэри Зейнел Беязгүл 16 кабаттуу имараттын урап калышынан 5 киши каза болгонун билдирди.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу өлкөнүн бир катар аймактарында эң жогорку деңгээлдеги кооптуу абал жарыяланганын кабарлады.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөө “өлкөнүн көп жерлеринде сезилгенин” билдирди.
Булак: NazarNews.kg