www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия полициясы эки мектептеги ок атуудан кийин 162 адамды кармады. Бул тууралуу Gazete Kalem басылмасы 16-апрелде юстиция министри Акин Гюрлекке шилтеме берип билдирди.
Кармалгандар кол салуулар тууралуу жалган маалымат таратып, аларды интернетте ачык колдогон деп шектелүүдө. Гюрлек укук коргоо органдарынын кызматкерлери 1100дөн ашык социалдык медиа аккаунттарын жаап салганын билдирди.
«Биз калк арасында коркуу, тынчсыздануу жана дүрбөлөң тараткан мазмундагы көптөгөн аккаунттарды таптык. Алар коомчулукка адаштыруучу маалыматтарды таратып, кылмыштарды жана кылмышкерлерди даңазалашкан», - деди министр.
Эске салсак, 15-апрелде Кахраманмараш шаарындагы орто мектепте болгон ок атууда тогуз адам, ок чыгарган өспүрүм өзү да каза тапкан. Ал эми 14-апрелде Шанлыурфа провинциясында мурдагы окуучу мектепке кирип барып, 16 адамды жарадар кылган. Кийин ал өз жанын кыйган.