www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда жаңы жер титирөө катталды

Түркияда дагы жер титирөө катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүнТабигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы Twitter баракчасына билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:46да Адана провинциясындагы Саимбейли аймагында күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очок 6,67 километр тереңдикте жаткан.

Апрелдин башында Түркиянын түндүгүндөгү Кастамону провинциясында күчү 4,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очок 11,8 километр тереңдикте жаткан.

Түркиянын түштүк-чыгышында 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен 80 жылдагы эң күчтүү жер титирөө болду. Жер кыртышынын термелүүсү өлкөнүн Кайсери, Адана, Мерсин сыяктуу көптөгөн шаарларында сезилген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости