www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы орто мектептин окуучусу ок чыгарып, 9 адам каза болуп, 13 адам жарадар болду. Ок чыгарган окуучу өзү да каза болду. Бул акыркы эки күндүн ичинде Түркиядагы мектепте болгон экинчи кол салуу.

15-апрелде, Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш шаарындагы орто мектепте кол салуу болду. Кеминде тогуз адам, анын ичинде бир мугалим жана сегиз окуучу каза болуп, 13 адам жаракат алды.

Маалыматтарга караганда, жаш жигит мектепке мурунку полиция кызматкери болгон атасына таандык беш ок атуучу курал жана жети ок-дары менен келген.

Кол салган окуучу эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, 14-апрелде Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан кесиптик лицейге кол салууда 20га жакын адам жаракат алган. Жабыркагандардын көбү лицейдин окуучулары болгон.

Маалыматтарга караганда, анда да лицейдин мурдагы окуучусу кол салган. Полиция келгенден кийин ал өз жанын кыйганын бийлик өкүлдөрү билдиришкен.

Последние новости