www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул маалыматты элчи Руслан Казакбаев 9-февралда саат 09:00гө карата (жергиликтүү убакыт) билдирди.

Элчиликтин өкүлчүлүктөрү жер титирөөдөн жабыркаган аймактардан кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштерин улантып жатышат. Буга чейин маалым болгондой, Казакстан Республикасынын учагы менен Газиантеп шаарынан Кыргызстандын 22 жараны (анын ичинде 1 жаш бала) эвакуацияланды. Учак Астана шаарына конгон.

Жер титирөөдөн катуу жабыркаган Хатай шаарынан 8 жаран чыгарылды. Ошондой эле Өзбекстан Республикасынын атайын учагы менен Ташкент шаарына Кыргыз Республикасынын 6 жаранын жөнөтүү пландалууда «Кырсык болгон аймактагы Кыргызстандын жарандарына жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк, суу жана тамак-аш менен жардам көрсөтүү аракеттери көрүлүп жатат», - деди элчи.

Акыркы маалымат боюнча, Түркия менен Сириядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 16 миң адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости