www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияга кыргызстандык куткаруучулардын кезектеги тобу учуп кетишти. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, бир чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.

Алардын ичинен кечээ, 12-февралда 80 куткаруучу, үч дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлгөн.

“Бүгүн, 13-фералда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам: үч дарыгер, үч боз үй тигүүчү жана куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары, 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн эки ит жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости