www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бүгүн, 13-февраль саат 14:00гө карата жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 миң 550 рубль чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин министрлик 10-февралга карата 12 млн 350 миң сом чогулганын маалымдаган, бирок министрликте катачылык кетип, туура эмес цифра берилгени белгилүү болгон.

«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, акыркы чыгарылыш 10.02.23-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке акча түшкөндө 12 миллион 350 миң сом чогулганын кабарлаганбыз. Чынында бизге валюта (сом, рубль) белгиленбей, таблица түрүндө отчёт берилген. Ушуга байланыштуу кечирим сурайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Баарыбызга маалым  болгондой, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости