www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу Балбак Түлөбаев кайрадан президенттин чачпагын көтөрө чуркап, "президентти уят кылып жатасыңар!", деп Жогорку Кеңеште аткаминерлерди айыптап, катуу тилдеди. 

Бирок мамлекет үчүн күйүп-бышып жаткандай түр көрсөтүп, чиновниктерди жемелеп, урушкан Балбак мырзаны "бали" деп алкагандар деле болгон жок. 

Бул жолу депутат Балбак Түлөбаев бир министрлик экинчи ведомствонун сунушуна каршы болгон, алардын бири-бири менен болгон координациялоонун начардыгы үчүн сынга алды. 

Эл өкүлү өз сөзүндө: "Бир жылдан бери какшап айтып келе жатабыз. Президентти тегерегиндеги сабатсыз министрлер, кеңешчилер уят кылып бүттүңөр. Туура эмес айтып жатып, жакшы иштеринин баарынын ит-акмагын чычыгардыңар. Жада калса өз ара координация жок. Анан айтса эле жаман көрөсүңөр. Жаман көрсөңөр, жармаңарды бербей эле койгула", - деп урушту. 

Негизи Балбак Түлөбаев ала кушту атынан аташты унутуп калганы, же билмексенге салганы кызык. Анткени, Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүп, президенттик башкарууну киргизип, бардык бийликти бир колго топтоп, эки тизгин бир чылбырды алганда: "Баарына бир адам керт башы менен жооп бериш керек. Отуз жылда президенттер баарын кылып, анан башкаларга шылтай беришип ушул абалга келдик. Баарына керт башым менен жооп берем", - деген.

Демек, өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык маселелерге, ички-тышкы эл аралык мамилеге, айтор баарына керт башы менен жоопкер. Кимди кандай кызматка коёт, кадр маселесин бүт өзү чечет. Өзү ошондой милдетти Конституция аркылуу бекемдеп алган. 

Анан эле жакшы иш болсо президент укмуш, туура эмес иштерге башкаларды айыптаган кошоматчылык акылга сыйбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости