www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыкты сүрөтчү болуу үчүн математиканы, химияны, физиканы, адабиятты билиш керек. Музыканы сүйүү керек. Ушунун баары сени өнүктүрөт. Мындай пикирин Түркиялык сүрөтчү жана эколог Касым Йетер NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Менин Түркиядан Бишкекке келгениме 8 жыл болду. Бишкектин четиндеги айылдардын биринде, тоонун боорунда жашайм. Ал жерде таза аба, кыскасы керемет. Бул жакта өзүмдүн студиям бар. 2019-жылы Сүрөтчүлөр үйүндө көргөзмөм болуп өткөн.

Мен абстрактуу сүрөт тартуу менен алектенем. Жөн гана алманын же алмуруттун сүрөтүн тартпайм. Бул стиль оор деп эсептелинет. Мында көп ойлонуп, дүйнө таанымың кенен болуу керек. Негизи сүрөтчүлөр көп тармакты билүү керек. Мисалы, математика, химия, физика сыяктуу илимдерден да түшүнүгү болушу абзел. Ошондо гана сен мыкты сүрөтчү боло аласың", - дейт Касым Йетер.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости