www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөт учурунда жабыркаган ымыркайдын абалы айтылды

Караколдо төрөт учурунда жабыркаган ымыркайдын абалы туруктуу оор деп мүнөздөлүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.

“Ымыркайдын абалы туруктуу оор. Азыр биз Караколдобуз. Жумушубузду кылып жатабыз. Биз менен кошо жогорку категориядагы неонатолог дарыгер бар. Мониторинг, коррекция кылынып жатат. Апасынын абалы туруктуу, жакшы эле”, - деди Асылбашева.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө көз жарган келини жана анын ымыркайы оор абалда жатканын жакындары социалдык түйүндөр аркылуу айтып чыгышкан. 15-августта алар президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоп, “дарыгерлер карабай койгон” деп билдиришкен жана жардам сурашкан.

“Дарыгерлер карабай койгондуктан баламдын жана жубайымдын абалы өтө оор. Баламдын колу жана акыреги сынып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып берсеңиз”, - деди келиндин күйөөсү. Окуя 14-августка караган түнү болгон.

Окуянын чоо-жайын саламаттык сактоо кызматкерлери менен катар ички иштер органдары да териштирип жатышканын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеме бул окуя үчүн жоопкер экенин белгилеп, кызматтык иликтөө башталганын маалымдады.

Жооптуу кызматкерлер мыйзам чегинде жазага тартылары, азыркы учурда ымыркайга да, жаңы төрөгөн келинге да толук сакайып кетиши үчүн тийиштүү жардам толук көрсөтүлүп жатканы белгиленди.

Ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга эң жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости