www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда украиндер Орусияны алсыратууну көздөп, АКШнын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатышат. Мындай пикирин Орусия Федерациясынын Федерация Кеңешинин Крымдан келген мүчөсү Сергей Цеков билдирди.

Саясатчы АКШ Украинага акчаны өлкө Орусияга каршы турушу үчүн берип жатат деп эсептейт. Мындай жардам токтоору менен Украинанын куралдуу күчтөрү РФнын куралдуу күчтөрүнө туруштук бере албайт. Ал ортодо, чындыгында, Украина АКШнын эрки менен геосаясий кызыкчылыктарынын вассалы жана өкүлү катары иш алып барууда.

"Украина бүгүн Орусияны алсыратып, америкалыктарга дүйнөдө алдыңкы позицияларды кармап турууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн АКШнын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жатат", - деди Цеков РИА Новости маалымат агенттиги менен болгон маегинде.

Орус сенаторунун айтымында, учурда Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын геосаясий кызыкчылыгы үчүн гана өз өлкөсүнүн элин өлүмгө түртүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости