www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Центерранын» берген акчасын акташ үчүн Сапар Исаков колу бутубузду тушап бир жеке компанияга кыргыз элин басып берген келишимге кол койгон. Ал кыргыз элинин кызыкчылыгын эске албай, «Центеррага» жан тартып, аларды бирөө доого жыга турган болсо, кыргыз өкмөтү коргой турган милдеттенмелерди алган келишимин кыргыз элине кылган чыккынчылыгы болгон. Мындай кыянаттыгы үчүн жана суу кодексин өзгөртүп, мөңгүлөрдү бузууга жол бергени үчүн Атамбаев жана Сапар Исаков мыйзам алдында жооп бериши керек.

Депутат Акылбек Жапаров «Сапар Исаковдун өкмөтү стратегиялык келишим түзүп, экологияга келтирилген доону да артка чакыртып алган» деди. Анысы туура. Кумтөрдү иштеткен «Центерра Голд» компаниясы эл аралык келишимдерди бузду деген максатта кыргыз өкмөтүн Эл аралык арбитражга бергенин жарыялашты. Эл аралык сотто «Центерра Голддун» экологияга эсепсиз зыян келтиргени эске алынышы керек. Кыргызстан эл аралык келишимдерди бузган жок. Сапар Исаковдун гана «Центеррага» жан тартып, аларды бирөө доого жыга турган болсо, кыргыз өкмөтү коргой турган милдеттемелерди алганы болбосо. «Центерра Голд» Кыргыз мамлекети менен болгон келишимдерди, экология, салык боюнча мыйзамдарды бузган. Экологияга орду толгус зыян келтирип, табийгатыбызды талкалашкан. Бирок башка киши калбай калгансып «хамелеондой» болуп Акылбек Жапаров деле оңуп кеткен жок. Депутат Акылбек Жапаров жетектеген 2003-жылкы келишим коррупциялык келишим болгон. Ошондой эле, 2003-жылкы келишим боюнча Кумтөр мыйзамсыз менчиктештирилгени да эске алынышы шарт. Финансы министри катары Жапаров түзмө түз жооп берген 2009 жана 2015-жылдардагы келишимдер да туура эмес түзүлгөн. Ошон үчүн бул маселеде коррупция боюнча да иш козголушу керек. Анткени, коррупция бар жерде сот сөзсүз кыргыз тарапта болот. Кыскасы, кыргыз бийлиги коркпой эле чечкиндүү кадамдарга бара берсе, утуш биз жакта болот. Азыр дүйнө жүзүндө экология маселеси биринчи орунга чыгып жатат. Ошондуктан, артка чегинбей, алдыга кадам таштап, эл аралык соттор экологияны эмес, келишимди эске алат дегенге алданбашыбыз керек.

Атамбаевдин маалымат майданында бригадасы бар

Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаковдун жүзү эки мерчемде көрүнүп турат. Бийликте жана оппозицияда. Чындыгы оппозицияда конструктивдүү, салмактуу, бир калыпта эмес, жалган сөздөр менен элди митингге чогултуп, чаң-тополоң кылып жиберүүгө даяр. Ошондуктан бирөөлөрдү кемсинткен, жүрөктүн үшүн алган калп аралашкан, чагымчыл, ээликкен сөздөрдү аралаштырып жиберет. Анын сөздөрүн журналисттер пайдаланышып, ар кандай цитаталарга чачыратышып элди аралатып жиберет, калктын кээ бир жамандык издеп жүргөн катмарларына Атамбаев айткан ээн ооз, чириген сөздөр майдай жагат.

Бул так ошол Атамбаевдин бере ала тургандары. Албетте, көз карандысыз «төртүнчү бийликтин» өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Атамбаевдин сөздөрүнүн баасын билишет, ошондуктан көбүнчө куйкум айтылган сөз катары колдонушат, анткени, анын сөздөрү күлкүлүү, анткени, анын сөздөрү чыр-чатактуу. Андан тышкары Атамбаевдин таянган, ишенимдүү «медиа-жүгүрүктөрү» бар, булар саясий кландын кызыкчылыгы үчүн акча алган соң, ар тараптуу колдоп турушат. Булар ачык эле ММКдан үгүттөө инструментине айланышкан. Алар эч кандай формалдуу эрежелерди тутушпайт. Алар кожоюнун акчасы үчүн төштөрүн амбразурага тосуп коюшкан. Азыркы кырдаал аларды бүгүлтүп, көчүктөрүн кожоюнуна тостуруп берип койгон. Сойкулук жана махабат тууралуу бир анекдот бар эмеспи, ошого окшошуп. Сойкуканада эркек аялга айтат эмеспи, секс үчүн акча төлөбөш үчүн сени сүйөөрүмдү моюнума алам деп. Негизи сүйгөнү үчүнбү, акча үчүнбү же идеялык кызыкчылыктар үчүнбү, маанилүү деле эмес, башкысы Атамбаевдин телеберүүдө бригадасы бар экени чындык.

Биздин саясий элитанын туруксуздугу, «учурунда сатып кетпесе болбойт» деген принципке такала турганы да айныксыз. Ал эми бийлик болсо өзүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, таарынычы үчүн душмандарынан кек алууга барына дапдаяр турган, башаламандык, тополоңдордун «Кудайы» Атамбаевден келе турган коркунучтарды сезбей турат.

Атамбаев, Исаковдун коркунучтарынан кутулуу үчүн Атамбаевге каршы турган күчтөрдү күчтөндүрүш керек. Буга чейин бийликтин «мээ борбору» болуп эсептелинип, эми өз салмагын жоготуп «тирүү өлүккө» айланган президенттик администрацияны чыңаш зарылдыгы турат. Бул иштерге Атамбаевдин заманында анын кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн күчүгүндөй шыйпалаңдаган Башкы прокуратураны, УКМКны жана башка күч түзүмдөрүн тартыш керек. Азыр башка убак жарым эс, оорулуу Атамбаевдин ыкмаларына каршы чара көрбөсө болбойт. Эгер бийлик анын кыйкырыгы алсыздыгынан улам деп, жаңы келе жаткан башаламандыктын алдын албай «боржоми» ичип чалкалап жатса, кийин кеч болуп калат... Ленинграддын үч революцияны башынан өткөзгөн даңазасы тууралуу сөздөр аралап жүрөт. Атамбаев эки революцияны өзүм жасагам деп мактанганын токтотпойт. Эми үчүнчү революцияны да жасайм деген дымак бар, ошондуктан ушуга катуу даярданып жатат. Мындай башалмандык кылууну токтото турган убак келди. Калайык-калкка алардын ким экенин түшүндүрүш керек. Ошондо гана Кыргызстанда «аралап жүргөн» Атамбаев, Исаковдун «карааны» самындын көбүгүндөй жарылат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости