www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу тажик жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген. Маалыматка ылайык, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталган. Тажик тараптан кармалгандар Ворухта жайгашкан "Альфа" тобунун офицерлери болушкан.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталган.  Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев маалымдаган:

Бирок, Тажикстандык сайттар тажик тараптан кармалгандар Ворухта жайгашкан  атайын «Альфа» кызматынын  үч чалгынчысы болушкан. Маалыматтарга караганда, бул үч кызматкер чек арага жакын жайгашкан мурдагы мечитте нөөмөттө турушкан, ал офицерлер клубуна айланган.

Ал эми тажиктер кармап алган үч кыргыз жараны абдан катуу сабалган. Кулактары кесилип, кабыргасы сынып, баш мээси чайкалганы маалымдалды. Бирөөсүнүн бир колу иштебей жатат. Биздин булактын маалыматына караганда тажик атайын кызматынын офицерлери сабалган эмес. Тескерисинче кыргыз тарап аларга жакшы мамиле жасашкан.

Ворухта жайгашкан «Альфа» тобунун аскерлери бул топтун кесипкөй жана жергиликтүү тургундардан түзүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Тажик президенти Ворухка сапары алдында Исфара районунда айына Ворух аскерлерине 2500 сомониден (болжолдуу 20 000 сом) айлык төлөнө тургандыгын жарыяланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости