www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Африканын бийликтери Орусиянын президенти Владимир Путинди Эл аралык кылмыш сотунун ордеринен улам БРИКСтин саммитине келбөөнү суранды. Бул тууралуу жергиликтүү Sunday Times гезити жазды.

Түштүк Африканын бийликтери Кремлди Владимир Путиндин жайында Йоханнесбургда өтө турган БРИКС саммитине баруу идеясынан баш тартууга ынандыруу аракетин көрүүдө.

«Путинди камабай коюуга бизде жол жок. Эгер ал бул жакка келсе, биз аны камакка алышыбыз керек, - деди атын атабаган Түштүк Африканын расмий өкүлү Sunday Times гезитине.

Анын ордуна Түштүк Африканын бийликтери орус лидерине видеобайланыш аркылуу саммитке катышууну сунуштоодо.

Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) ушул жылдын март айында орус президентин камакка алууга ордер берген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости