www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын аскерлери кечээ, 27-декабрда канаттуулардын үйүрүн Түндүк Кореянын учкучсуз учактары менен адаштырганын жергиликтүү Йонхап маалымат агенттиги билдирди. Түштүк Кореянын аскерлери буга байланыштуу учак жана тик учактарды абага көтөрүшкөн.

Белгиленгендей, жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00) Гангхва округунда аскерлер мурда Түндүк Кореянын учкучсуз учуучу аппараттары деп аныкталган объектилерди аныкташкан. Аталган жерге авиациялык техника жөнөтүлүп, аскер кызматкерлери шектүү объектини бир нече саат бою карап турушкан. Жыйынтыгында алар жөн гана канаттуулардын үйүрү экенине ынанышкан.

Буга чейин Инчхондун бийликтери Сеонмодо аралына жакын жерде дрондор байкалганын тургундарга билдирген. Бул тууралуу бийликке Түштүк Кореянын деңиз жөө аскерлери кабарлаган. Анын өкүлдөрү болжолдуу учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30 (Бишкек убактысы боюнча 10:30) пайда болуп, жоголуп кеткенин байкашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости