www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция курчоого алган "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө (ЦУМ) бомба коюлуп, барымтага алынгандар бар деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ЦУМдун коопсуздук кызматынын жетекчиси Виктор Жирков журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, маалымат тастыкталбагандан кийин соода борбор ачылды.

"Саат 15:55тө милицияга жашыруун билдирүү түшкөн. Муну бизге Свердлов райондук милициясынан айтышты. Чалгандар соода борборунун ажатканасында жарылуучу зат бар экенин айтыышыптыр, бирок каягында экени түшүнүксүз. Биз коопсуздук үчүн коноктор менен кызматкерлерди сыртка чыгардык. Эч ким барымтага алынган эмес. Атайын кызматтагылар бардыгын текшерип чыгышты. Кудайга шүгүр, эч нерсе табылган жок, баары жакшы", — деди Жирков.

УКМК дагы ЦУМда барымтага алынган тууралуу маалыматты төгүндөдү. Учурда чекисттер милиционерлер менен чогуу жалган билдирүү тараткандарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости