www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БШКнын мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдирди.
Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
«Абдраимовдун иши боюнча тергөө уланып жатканы белгилүү. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мамлекетке 14 миллион сом өлчөмүндө зыян төлөп берген», - деп билдиришти булактар.
Адвокат Самарбек Болотбеков 24.kg агенттигине Туйгунаалы Абдраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу маалыматты тастыктады. Бирок жактоочу тергөөнүн сырына таянып, айыпталуучу тарап келтирилген зыянды төлөгөн-төлөбөгөнүн билдирген жок.
Эске салсак, атайын кызмат өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин “Кайнар” ЖАКсына 11,2 гектар таштанды төгүүчү жай аянтын бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган.
Май айында ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.