www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Акжолтой Тукуновдун иштен кеткени боюнча туура чечим болуптур дегендер көп.
Ырасында, Тукунов кызматка келгени курулай пиар менен алек болуп, кыш боюу көмүрдөн башкага акылы жеткен жок. Билими чектелүү болгондуктанбы, мыйзам, кагаз иштери, документтерге тиши өтпөй, көчөдө эле жүрүп калды, көмүрдүн баасын шылтоолоп.
Негизи, мамлекет Тукуновдой дин менен светтик түзүлүштүн айырмасын анчалык ажыратып билбей, сербейтип сакал коюп алып, даават айткан динчилдерди мамлекеттик кызматка жолотпош керек эле.
Эми башка кызматка дайындап жиберишпесе болду... Ансыз дагы Ленин районунан шайлоого бармакчымын деп желпилдеп, ээлгип жүрөт дешүүдө.
Ансыз да Жогорку Кеңешке Нуржигит Кадырбеков деген дааватчы көптүк кылып жатканда, Тукунов барса, анда парламенттин трибунасынан алмак-салмак даават айта беришип элди тажатышат го.
Ошондуктан Акжолтой Тукуновду мурдагыдай эле көчөдөгү элдин канын соруп жаткан үч буттуу камералардын мыйзамсыздыгын далилдеп, аларды жок кылуунун үстүндө иштесең коомго көбүрөөк пайда келтирет элең деп кеңеш айтат элек.
Булак: NazarNews.kg