www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блоггер, журналист Эрулан Көкүлов аткарган иштерди Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кылышы керек эле. Мындай пикирин аталган агенттиктин директорунун орун басары Акжолтой Тукунов "Марал" радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Көкүлов кайсы бир объектини текшериши үчүн арыз талап кылынбайт. Агенттик көзөмөл жүргүзүү үчүн алгач Экономика министрлигине билдирүү жөнөтүп, алар карап уруксаат берген соң гана иш алып бара алат. Жалпылап айтканда, керектөөчүлөрдүн укугун коргоодо баарын татаалдаштырып салган.
"Көкүловго Кыргызстандын жана биздин атыбыздан ыраазычылык айтып кетем. Ал жасаган иштерди биз, мамлекет кылышыбыз керек болчу. Орусияда "Контрольная закупка" деген программа бар. Биз да ошондой аналог ачсак жакшы болмок. Бизде товарлардын сапатын текшерип, экспертизага берген мекемебиз да жок. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин аты эле бар. Бирок ага кошумча бөлүмдөр жок", - дейт Тукунов.
Булак: NazarNews.kg