www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттигиндеги коррупциялык схема жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

"Мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери материалдык жана башка артыкчылыктарды алуу максатында, өзүнө берилген ыйгарым укуктарды мыйзамсыз пайдаланып, системалуу негизде курулуш компаниялардын өкүлдөрүнөн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алышканы аныкталды. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү тарабынан Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу кызматкерлерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын которуу фактысы катталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам, Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана департаменттин инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча координациялык топтун директору Э.Р.К. кармалып, экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости