www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөр аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат.

Аталган медиа-турдун алкагында Турфан шаарына саякат уюштурулду.

Турфан — чөлдүн ортосунда жайгашкан шаар-оазис. Бул жерде ар дайым ысык жана кургакчыл болот. Гобиден согуп келген ысык шамал шаар тургундарынын жүзүн эч качан жагымдуу салкындык менен сергите албайт, болгону кум алып келет. Турфандыктар өз шаарын "оттуу жер" деп аташат.

Жыл ичинде бул аймакта болгону 16 ммге жетпеген жаан-чачын түшөт. Бул аз гана ным, албетте, кызган жерди муздатууга жарабайт. Жайында абанын температурасы көлөкөдө 50 градуска чейин көтөрүлөт. Ушундай катаал, дээрлик жашоого ылайыксыз климат Кытайдагы эң даамдуу жүзүмдүн өскөн жери болуп эсептелет. Турфан — Кытайдагы жүзүмдүн борбору деп саналат, бул жерде Кытайдагы жүзүм түшүмүнүн төрттөн бири жыйналат.

Турфандагы жүзүм өстүрүү маданияты менен кеңири таанышуу жана эң даамдуу сортторду татып көрүү үчүн Жүзүм өрөөнүнө баруу керек. Жүзүм өрөөнү Турфандан 13 км аралыкта, Оттуу тоолордун этегинде жайгашкан. Өрөөн түндүктөн түштүккө 8 кмге, батыштан чыгышка 0,5 кмге созулат. Жалпы 400 гектар аянтты ээлеген бул бейиш бакчасы жүзүм менен гана эмес, ар кандай мөмө-жемиш бактары менен да кооздолгон. Өсүмдүктөр 2000 жылдан ашуун тарыхы бар байыркы кяриз суу чыгаруучу системасы менен сугарылат. Бул система аркылуу Теңир-Тоодон агып түшкөн мөңгүлөрдүн суусу атайын кудуктарга топтолуп, жер үстүндөгү жана жер астындагы каналдар аркылуу талааларга жана шаарларга жеткирилет. Жайында Турфан кайнак таш сыяктуу болуп калганда, Жүзүм өрөөнү — калың тигилген жүзүм сабактары менен салкын көлөкө тартуулаган чакан оазиске айланат.

Ташгар жүзүмү — дүйнөдөгү эң ширин жүзүмдөрдүн бири. Анын ширелүү мөмөлөрүндө канттын үлүшү 22–26% түзөт. Өзгөчө ак, уруктары жок, "Ташгар бермети" деп аталган жүзүм абдан таттуу болгондуктан, аны жегенден кийин тишке зыян келтирбеш үчүн оозду чайкоо сунушталат. Турфандын курулган жүзүмү да абдан даамдуу — ал чөлдүн шамалында, дубалдары тешикчелүү атайын курулуштарда кургатылат. Бул изюмдун канттын курамы 75% түзөт. Чөл менен күн жүзүмдүн суусун толугу менен алып кеткенден кийин да, мөмөлөр өзүнүн даамын жана жытын сактап калат.

Жүзүм өрөөнүн кыдырып баруу үчүн эң жакшы учур — август айынын аягы, анткени бул убакта жүзүм майрамы өтөт. Жүзүм терүү учурунда улуттук кооз кийим кийген уйгур кыздары ширелүү мөмөлөрдү чоң себеттерге жыйнап, тегеректе улуттук ырлар жана аялдардын күлкүсү жаңырып турат.

Өрөөндүн аймагында бир нече кооз ресторандар жайгашкан, ал жерден эс алып, уйгур элинин үй шартында жасалган виносу сыяктуу жергиликтүү суусундуктарды татып көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 12–23-июну аралыгында Кытай Эл Республикасынын Пекин жана Шинжаң шаарларында «China Closer» медиа-туру өтүп жатат. Ага Кыргызстандан NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева катышууда.

Медиа-турдун максаты — Кытайдын аймактык өнүгүүсүн, маданиятын жана жаңы технологиялык жетишкендиктерин эл аралык журналисттерге жана медиа өкүлдөрүнө таанытуу.

Иш-чаранын уюштуруучусу - CCTV (CCTV+) видеомаалымат агенттигинин президенти, башкы директору жана башкы редактору Гао Вэй.

Аталган иш- чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Пакистан, Гана, Африка, Эфиопия, Мьянма, Лаос, Мазамбик, Сауд Арабия, Ирак ж.б. өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү катышууда. Ага Кыргызстандан NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева чакырылган.

Последние новости