www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк сериалдары учурда дүйнө жүзүндөгү көгүлтүр экрандарды ээлеп, тартылган тасмалары туруктуу 150 мамлекетке экспорт кылынат жана Түркиянын казынасына жылына 350 млн АКШ доллар түшөт.

Бул тууралуу Түркиянын маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жарыя кылды.

Мехмет Нури Эрсойдун айтымында учурда Түркия мамлекети көп тасмалуу тартылган кинолордун сатылышы боюнча АКШдан кийин эле дүйнөдө экинчи орунду ээлегендигин билдирди. Эң кызыгы акыркы жылдары чет өлкөлөргө 100 гө жакын түрк сериалы сатылса, түрк сериалдардын көргөнгө ашык болгон жарандардын саны 500 млн кишиден ашкан.

Андыктан мындан ары көп тасмалуу сериалдарды тасмага алуу үчүн жаңы механизм иштеп чыгуу керек экендигин айтты Түркиянын маданият министри.

Демек, Түркия маданият тармагында тасма тартууда жаңы заманбап жолдорду дагы ойлоп тапса, түрк сериалдарын сүйүүчүлөрдүн көз жашын далай жолу агызса керек.

Мына сага маданият тармагында өнүгүү, биздикилер Ардак Громата берүү менен убара...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости