www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда суу ташкынынан 44 адам курман болду

Түркиянын түндүгүндөгү селден каза болгондор 14-августка карата 44 адамга жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Куткаруучулар бузулган үйлөрдү жана толугу менен талкаланган имараттардын урандыларын текшерүүнү улантууда.

Өлкөнүн түндүгүндө Кара деңиздин жээгине жакын жайгашкан провинциялардагы сел өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин башталган. астамону провинциясындагы Бозкурт шаары эң көп жабыр тартты. Бул провинцияда жалпысынан 36 адам каза болду. Калган жети киши Синоп шаарынын, бири Бартындын тургуну.

Суу каптаган аймактардан эки миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Ушул аптанын башында түрк бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү өрт толук өчүрүлгөнүн билдирген. Бир аптадан ашуун токой-талааларды каптаган тилсиз жоо тогуз кишинин өмүрүн алып, дыйканчылык аймактарга катуу зыян келтирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости