www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта, Лихтенштейн Княздыгынын мураскер ханзаадасы Алоиз Филипп Марияны жана Лихтенштейн элин улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер мындан ары да эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем”, - деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Алоиз Филипп Марияга чың ден соолук жана мамлекеттик ишинде ийгилик, ал эми Лихтенштейн элине – тынчтык жана бакубаттык каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости