www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын президенти жакында өлкөдөн чыгып кетеби?

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жакынкы убактарда өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы менен бийликтин куралдуу кагылышуусунан улам өлкөдө абал курчуп, Ооганстандын аймагынын 85 пайызы талибдердин карамагында калды. Мындан улам өлкө башчысы жакынкы убактарда элине кайрылуу жасап, андан соң өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн экендиги айтылды.

Буга чейин Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех "Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Тажикстанга качып кеткендиги жазылган. 

Эскерте кетсек, Кабул бийлиги бир канча айдан бери өлкөдө токтобой келе жаткан куралдуу кагылыштарды жана зордук-зомбулуктарды токтотуу үчүн радикалдуу "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү бийликти тең бөлүшүүнү жана мамлекеттик маселелерди бирге чечүүнү сунуштагандыгы жазылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости