www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасынан, Түркияда коронавирус (Ковид-19) табылгандан бери бир жылдын ичинде саламаттык сактоо жаатында жасалган иштерди бөлүштү.

-- «Биз саламаттык сактоо армиябыздын ишмердүүлүгү менен, тынымсыз ишке киргизген жаңы ооруканаларыбыз менен жана күчтүү инфраструктурабыз менен саламаттыкты сактоо тармагында дастан жаздык» деген билдирүүсүндө, кызмат көрсөтүүлөр, вакциналар, оорукана шаарчалары, саламаттыкты сактоо мекемелери жана атамекендик дем алдыруучу аппараттар жаатында жасалгандарды түшүндүрдү.

"Кызматтар" темасында Коронавирус операция борбору пайдаланууга берилгенин жана Илимий комитет түзүлгөндүгүн айткан президент Эрдоган, ошондой эле дүйнөдөгү алгачкы мисалдардын бири болгон 2019-nCOv оорусу боюнча түшүндүрмө китепченин ушул эле аталышта басылып чыккандыгын, атамекендик диагностикалык топтомдор иштелип чыккандыгын, Филяция жана изоляцияны көзөмөлдөө системасынын түзүлгөндүгүн, "Үйдө бол" тартибинин ишке киргизилгендигин жана активдештирилбеген вакциналардын колдонула баштагандыгын белгиледи.

"Вакцина" темасында болсо 18 башка вакцина изилдөөсүнүн Түркияны бул жааттагы саналуу өлкөлөрдүн бирине айландырганын айткан Эрдоган: «Биз кыска убакыттын ичинде 10 миллиондон ашуун адамды эмдедик» деди.

Ал эми «Оорукана шаарчалары» аталышында Стамбулдагы Башакшехир, Конья жана Текирдагдагы оорукана шаарчаларынын ачылгандыгын эске салган Эрдоган, «Ден-соолукту чыңдоочу жайлар» деген аталышта болсо 25 жаңы оорукана имараты менен 11 кошумча оорукана имараты пайдаланууга берилгенин жана бир жылдын ичинде саламаттыкты сактоо мекемелеринин саны 55 пайызга, мамлекеттик ооруканалардын чоң кишилер үчүн реанимациялык керебет сыйымдуулугу 51 пайызга жогорулагандыгын айтты.

«Атамекендик дем алдыруучу аппараттар» темасында болсо кыска убакыттын ичинде атамекендик респираторлор сериялуу түрдө өндүрүлө баштагандыгын эске салган президент Эрдоган, ички колдонуудан тышкары 20 өлкөгө экспорттолгонун, чет өлкөдөн келген 803 миң кишиге 3 миллион 936 миң 826 жолу байкоо салынгандыгын, ооруга чалдыккан же байланышта болгон 21 миллион 315 миң 454 жаранга, 82 миллион 781 миң 903 жолу көз салынганын баса белгилеп, ошондой эле 19 миллион 216 миң 934 кишинин чек ара бекеттеринде текшерүүдөн өткөрүлгөндүгүн баса белгилеген.

Последние новости