www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү калкынын саны жагынан Түркмөнстандын борбору болгон Ашхабаддан кийинки эле катарда турган Туркменабад шаарында нанга болгон дефицит курчуп барат. “Мамлекетке таандык делген дүкөндүрдөн нан сатып алуу дээрлик мүмкүн эмес. Жеке дүкөндөрдө болсо баасы 2-3 эсе кымбат” деп билдирет, “turkmen.news.” басылмасы.

Ошону менен бирге эле аталган басылма учурда атайы тандырга бышырылган токочтордун да дээрлик эч бир жерде сатылбай калганын, сатылса да бирин-экин жерде бир нече эселеп кымбат сатылып жатканын, ал эми мамлекеттик дүкөндөргө түшкөн нан азыктары үчүн эл калың кезекке туруп, кезектегилер бири-бири менен түртүшүп-талашып, кайың айтышууга чейин жеткен көрүнүш болуп жатканын жана ар бир адамга чектөө киргизгенин кошумчалайт.

Чектөө демекчи, ар бир киши башына нан жана башка азык-түлүктөрдү сатып алуу үчүн атайы ар ай сайын чек бериле баштаганын, бирок ал чекте көрсөтүлгөн рацион өтө эле аз экенин,андагы өлчөм бир айга дээрлик жетпей турганы айтылат.

Ал эми бүгүн 15-октябрдан тарта өлкө бийлиги жеке дүкөндөрдө жана нан азыктарын чыгаруучу менчик ишканаларга аталган азыкты сатууга такыр эле тыюу салынганы, ун азыгын жеке менчик ишканалардан конфискациялап алганын, мындай кадамды аталган өлкөнүн бийлиги мамлекеттик дүкөндөрдөгү жаралган дефицитти жоюу аракети катары жасалган кадам экени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости