www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келген Түркмөнстандын бийлиги баары бир ковидден өлгөндөрдүн жашыруун эсебин жүргүзүп келет. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун түркмөн кызматы саламаттык сактоо тармагында иштеген өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Азырынча бул маалыматты башка булактардан ырастоого мүмкүн боло элек. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү журналисттердин бул тууралуу суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Булактын берген маалыматына ылайык, 2020-жылы пандемия башталгандан бери Түркмөнстанда коронавирустан 25 миңден ашык бейтап каза болгон.

"Коронавирустан өлгөндөр боюнча маалыматтар ачык жарыяланбаганы менен, облус бийликтери күн сайын бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигине отчёт жөнөтүп турат. Бул ишке коопсуздук кызматынын өкүлдөрү көзөмөл кылат. Ошол эле маалда бул сандар чыныгы абалды чагылдырбашы мүмкүн. Анткени аймак жетекчилери кесепеттеринен чочулап, көбүнчө адамдардын өлүмүнүн себеби катары башка ооруларды көрсөтүп жазат", — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген булак.

Буга чейин "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү медиктерге бейтаптарга COVID-19 диагнозун койбоону, каза болгон учурларда себеби катары башка ооруларды көрсөтүү тууралуу оозеки буйрук берилгенин кабарлаган.

Булактын айтымында, баарынан да коронавирустан Лебап жана Мары облустарында көп адам өлүүдө. Бул аймактардан буга чейин да ковид жуктургандар көбөйгөнү жана адамдар каза болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр келип турган.

Өткөн жумада Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабадда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Европадагы аймактык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугуп, дагы бир жолу өлкөдө коронавирус жуктургандар жок экенин, өлкө калкынын "70% ашыгы эмдөөдөн өткөнүн" айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости