www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы кургак учуктан өлгөндөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Анткени кургак учукка каршы көрсөтүлгөн кызматтарга болүнгөн каражат азайды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) баяндамасында айтылат.

"COVID-19 пандемиясы кургак учукка каршы көп жылдык глобалдык иштерди басаңдатып, он жылдан ашык убактыттан бери биринчи жолу бул илдеттен өлгөндөрдүн саны кайра көбөйө баштады", — деп айтылат баяндамада.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аналитиктеринин пикиринде, негизги маселе – кургак учукка каршы иш-чараларга багытталган ресурстардын кыскарышы. Көптөгөн өлкөдө адам жана каржы ресурстары коронавирус менен күрөшүүгө бөлүштүрүлүп, кургак учук илдети көңүл сыртында калган.

ДССУнун маалыматы боюнча, 2020-жылы кургак учуктан 1,5 миллион киши өлгөн. Кох бактериясын жуктуруп өлгөндөрдүн саны, негизинен, 30 өлкөдө, анын ичинде Индия, Индонезия, Филиппин жана Кытайда катталган. ДССУнун божомолунда, илдетти жуктуруу жана адам өлүмү 2022-жылы мындан да көп болушу мүмкүн. Учурда дүйнө жүзү боюнча 4,1 миллион киши кургак учук менен жабыркайт. Бир жыл аралыгында көрсөткүч 2,9 миллионго көбөйгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости