www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун курулушун бүткөрүү үчүн 1 млн бөлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Москва жана Россия бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын президиумунун мүчөсү Арстан Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, кайрымдуулук экс-президент алган илимий гранттын аркасы менен жасалган.

«Экс-президент Акаев Садыр Жапаровдун «Алтын балалык» реабилитациялык борборунун курулушун аяктоо боюнча демилгесин колдойт жана ФАНОдон 2021-жылга алынган илимий гранттан 1 миллион сом жумшайт», - деди ал.

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана балдардын «Алтын балалык» борборун ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу боюнча кайрымдуулук марафонуна катышкан. Мамлекет башчы өз сөзүндө борбордун курулушу 2000-жылдары башталганын, дубалдары тургузулганын, бирок иш 2005-жылы токтоп калганын белгилеген.

Реабилитациялык борборду ишке киргизүү үчүн президент өзү мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлгөн. Ушундай эле сумманы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да бөлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости