www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Бактияр Алиев өз каалоосу менен иштен кетип, жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Кайрат Иманалиев дайындалды. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Сыягүл Караман билдирди.

«Бүгүн Бактияр Алиев өз ыктыяры менен иштен кетүү боюнча арызын жазып, биз аны кабыл алдык. Жетекчинин милдетин Кайрат Иманалиев аткарып турмай болду. Жакында башкы директордук кызматка сынак жарыяланат», — деди Караман.

Белгилей кетсек, Алиев бул кызматты былтыркы жылдын декабрь айынын аягынан бери аркалап келаткан. Ал эми Кайрат Иманалиев буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча  министр болуп иштеп, өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндө иштен бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости